• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков: Мекенди коргоочу — эң зарыл жана ардактуу кесип бойдон калат

Президент 0

Бишкек, 23.02.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-февралда, Ата Мекенди коргоочунун күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди эрдиктин, каармандыктын жана атуулдуктун майрамы — Ата Мекенди коргоочунун күнү менен куттуктайм.

Өлкөбүздүн тарыхында каармандыктын изин калтырган аталарыбыздын элесине таазим кылабыз. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине сый-урмат көрсөтөбүз.

Биздин жарандарыбыздын тынчтыгын жана бейпил турмушун коргоп, аскер турмушунун катаал сыноолорунан татыктуу өтүп жаткан жоокерлерибизди куттуктап, аларга ыраазылык билдиребиз.

Коопсуздукту камсыз кылуу — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты, ал эми мекенди коргоочу — коомдогу эң зарыл жана ардактуу кесип бойдон калат.

Бардык кыргызстандыктарга ден соолук, бакты-таалай жана ийгиликтерди каалайм.

Жараткан колдоп, ар дайым жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак, ар бир үйдө бакубатчылык болсун!

Пикир

Оставить комментарий