• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Мен кандайдыр бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайлангам

Президент 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. "Мен кандайдыр бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайлангам", - деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда парламенттин жыйынында өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүүсүнө катышып жатып.

Мамлекет башчысы алдыдагы шайлоолорго байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды.

"Жогорку Кеңештин жаңы курамын шайлоо өнөктүгү жакындап келе жатат. Биз шайлоо эрежелеринин алдын ала белгилүү жана туруктуу болуусуна жетишүү максатында эрежелер шайлоого бир жыл калганда бекемделсин, андан кийин өзгөртүүлөр киргизилбесин деген убадабызды аткардык. Боло турган шайлоого укук жагынан сапаттуу даярдык көрдүк. Тиешелүү мыйзамдар кабыл алынып, күчүнө кирди. Шайлоо адилеттигин добуш берүү жана аларды эсептөө учурунда гана эмес, шайлоонун бардык этаптарында камсыз кылууну көздөп жатабыз.Шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик механизмдерин киргизүү жана административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча мыйзамды кабыл алып бердиңиздер", - деди президент.

Жээнбеков бул мыйзамдар алдыдагы шайлоо өнөктүгүнүн адилеттигин жана сапатын жакшыртуу үчүн жасалган чоң кадам боло тургандыгын айтты.

"Мен шайлоону адилет өткөрүүнү, бардык партияларга бирдей шарт түзүүнү келе жаткан учурдун эң актуалдуу маселеси деп эсептейм. Бардык партияларга карата бирдей шарттар түзүлөт. Эл арасында “тигил же бул партия президенттин колдоосун алыптыр, ошол партияга баланча мандат алып берет экен” деген сөздөрдү угуп жатам.Партия – жалпы коомдун бир гана бөлүгү. Мен кандайдыр бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайлангам. Кимдир бирөө менен адам катары, адамгерчилик мамилем болушум мүмкүн. Бирок, президент катары эч кимге моралдык да, материалдык да карызым жок.Менин тирегим – эл. Кайсы бир партияга эмес, элиме таянам. Менде мына ушундай ички эркиндик бар", - деп баса белгиледи өз сөзүндө президент.

Мамлекет башчысы алдыда келаткан шайлоодо ички эркиндигине таянып, баарына бирдей, калыс шарт түзүп берүүгө аракет кыла тургандыгын билдирди.

"Буюрса, шайлоодо жеңип келген партиялардын кимиси болбосун, мамлекеттин кызыкчылыгында чогуу иштегенге даярмын.Шайлоонун таза өтүшү менден жана өкмөттөн гана көз каранды эмес. Ушул залда олтурган депутаттардын көпчүлүгү кайрадан шайлоого аттанат деп ойлойм. Мен сиздерди да, калган бардык партияларды да, шайлоону таза өткөрүүгө чакырам. Өлкөбүздүн келечеги үчүн жоопкерчиликти унутпоону өтүнөм. Үгүт иштерин жүргүзүүдө ыплас шайлоо технологияларын пайдаланбай, “асмандагы айды алып берем” деп, элди куру убада менен алдабай, реалдуу программанын негизинде шайлоо өткөрүү – ар бир партиядан, ар бир талапкерден көз каранды", - деди Жээнбеков.

Президент өз сөзүндө шайлоонун алдында ар кандай убадаларды берүү - табигый көрүнүш экендигин эске салды.

"Бирок, ар бир партия, ар бир талапкер өз убадасы үчүн эртеби-кечпи жооп бергенди үйрөнүү керек. Шайлоо өнөктүгүн, саясий күрөштү өз жолу, өз нугу менен өткөрүп, мамлекеттин келечегине аяр мамиле кылалы. Жалпы өлкөбүздүн кызыкчылыгы, коомдун биримдиги, элдин ынтымагы – бул бардык саясий күчтөр үчүн бирдей кымбат баалуулук экенин эстен чыгарбайлы. Коомубуздун ачыктыгын пайдаланып, карандай калпты элге таңуулап, провокацияга баргысы келгендер да чыгат. Саясатчылардын мындай жоопкерсиздиги - мамлекетибиздин коопсуздугуна, элибиздин тынч турмушуна терс таасир этет. Шайлоону элдин жашоосуна бүлүк салбай, мамлекеттеги тынчтыкка кедерги тийгизбей өткөрүүгө милдеттүбүз. Элди бөлүүгө, коомдогу тынчтыкты, жарандардын укугун бузууга жол берилбестигин дагы бир жолу эскертем. Бардык саясий партиялар, саясий күчтөр муну эсиңерден чыгарбагыла", - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий