• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков менен Абдыгулов валюта рыногундагы жагдайды талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 10.01.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков КР Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушууда валюта рыногундагы учурдагы жагдай, акча-кредиттик саясат, банк секторундагы азыркы абал, ошондой эле улуттук валютанын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Толкунбек Абдыгуловдун маалыматына ылайык, 2018-жылдын башынан тартып, 2019-жылдын 8-январына карата АКШ долларынын курсу 1,5%, же болбосо 68,8395 сомдон 69,84 сомго чейин өстү. Мындай өзгөрүүнүн залалдарын жумшартуу максатында Улуттук банк 2018-жылдын ичинде 168,25 млн АКШ долларын сатуу боюнча тогуз ирет интервенцияны ишке ашырган жана 20,55 млн АКШ долларын сатып алуу боюнча эки ирет интервенция жасаган.

Улуттук банктын төрагасы ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялаган Жарлыгынын алкагында Улуттук банк тарабынан аткарылган иш-чаралар жөнүндө да айтып берди.

Мамлекет башчысы сомдун натыйжалуу курсун сактоо, импорт-экспорт операциялары, төлөм балансы сыяктуу маселелерди чечүү максатында тез арада тийиштүү мамлекеттик органдар менен бирге кылдат талдап чыгып, сунуш берүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, банк системасынын туруктуулугунун маанисин белгилеп, мүмкүн болгон тышкы коркунучтарды максималдуу төмөндөтүү үчүн Улуттук банк эл аралык финансылык рыноктордогу абалга байкоо жүргүзүүсү зарыл экенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарында банкоматтардын, ПОС-терминалдардын санын көбөйтүүнү жана ошондой эле 2019-жылы — Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тийиштүү чараларды ишке ашыруу боюнча тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий