• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков менен Абылгазиев жолугушту – эмнени талкуулашты?

Президент 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-сентябрда КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, социалдык-экономикалык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы өкмөттүн социалдык оң жана терс көрүнүштөргө, күнүмдүк жашоодогу ар кыл чакырыктарга тез реакция кылып, тиешелүү чараларды ыкчам көрүшү зарылдыгын белгиледи.

Президент өкмөттүн негизги милдети — экономиканы өнүктүрүү, элдин жашоосун жакшыртуу ишине тоскоол болчу факторлор дээрлик жок экенин баса белгиледи.

«Өкмөттүн иштөөсү үчүн өлкөдө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлиги өз ара конструктивдүү иштеп жатышат. Ошондуктан Өкмөт иштеш гана керек. Башка талап жок», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экономиканын тармактарын өнүктүрүү, аймактык өнүктүрүү боюнча актуалдуу чаралар, өлкөнү санариптештирүү, инфраструктуралык жана агроөнөржай долбоорлорун ишке ашыруу боюнча аткаруучу бийлик органдарынын азыркы ишмердиги жөнүндө айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий