• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков менен Алиев телефон аркылуу сүйлөштү – эмнени талкуулашты?

Президент 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 24-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Ильхам Алиевди туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчылары ошондой эле эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий