• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков менен Бердымухамедов Ашхабадда жолугушту – эмнени талкуулашты?

Саясат 0

Ашхабад, 11.10.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) жыйынынын алкагында Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту.

Кыргызстан жана Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков Гурбангулы Бердымухамедовду КМШдагы төрагалыгынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташууну активдештирүү боюнча жакынкы мезгил аралыгына биргелешкен пландарды белгилешти жана буга даярдыгын билдиришти.

Ошондой эле Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий