• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков менен Эрдоган телефон аркылуу сүйлөштү – эмнени талкуулашты?

Президент 0

Бишкек, 12.08.19. /Кабар/. Бүгүн, 12-августта, президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки жана көп тараптуу кызматташуунун маселелерин жана буга чейинки макулдашуулардын ишке ашыруусун талкуулашкан.

Түркия Республикасынын президенти кыргызстандыктарды жана президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктап, тынчтык жана бакубатчылык каалаган.

Президент Сооронбай Жээнбеков дагы Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктап, албан ийгиликтерди жана бекем ден соолук каалаган.

Пикир

Оставить комментарий