• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР президенти менен Европа Кеңешинин төрагасы кызматташуу маселелерин талкуулашты

Президент 0

Бишкнк, 12.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-апрелде Бельгиянын борбору Брюссель шаарындагы Европа институттарына жумушчу визитинин алкагында Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск Европа союзунун бардык мамлекеттеринин атынан демократиялык стандарттарды камсыз кылуу тармагында Кыргызстандын ишин жогору баалайт деп айта алаарын белгиледи.

“Сиздер региондогу бардык өлкөлөргө модель, үлгү боло аласыздар. Кыргызстан баштан кечирген бардык кыйынчылыктарга карабастан, сиздер жетишкен натыйжаларды абдан жогору баалайбыз жана ага таасирленип турабыз”, - деп баса белгиледи Дональд Туск.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Европа союзу менен кызматташууну жогору бааларын белгиледи. Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу тууралуу жаңы Макулдашуу боюнча мандат берүү маселесинде көрсөткөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, бул документ өз ара аракеттенишүүнү сапаттык жаңы деңгээлге алып чыгууга мүмкүнчүлүк берип, өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртууга өбөлгө болот деп белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков соода-экономикалык кызматташуу чөйрөсүндө пайдаланыла элек зор мүмкүнчүлүк бар экендигин баса белгилеп, ЕСтин ар бир өлкөсү менен өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча өз ара кызматташтыкты бекемдөөгө ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Европанын рынокторуна экологиялык жактан таза продукцияларды экспорттоого даяр экендигин эске салды. “Бизде айыл чарбасы, туризм, транспорт, ошондой эле тоо-кендерин иштетүү, гидроэнергетика тармактарында экономикалык реформалар ишке ашырылып жатат, бизнес чөйрө жакшырып, экспортерлорго жана инвестиция салууга шарттар түзүлүүдө. Биз товар жүгүртүүнү 1 млрд АКШ долларына чейин жеткирүүнү болжолдоп турабыз. Ушуга байланыштуу кыргыз экспортерлоруна бардык мүмкүнчүлүктөрдү жана ВСП+ статусунун артыкчылыктарын пайдаланууга ЕСтин көмөктөшүүсү зарыл болуп турат ”, -деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы талкууланган маселелер көңүл бурулбай калбасына жана Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосунда мындан ары да жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий