• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков менен Индиянын тышкы иштер министри кызматташуунун келечегин талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 22.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-майда Индиянын тышкы иштер министри Сушма Свараджды кабыл алды.

Эки тараптуу кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алмашуу болуп, мамлекеттер аралык соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакаларды өнүктүрүү маселелери жана Кыргыз-Индия өнүгүү фондун түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын апрель айындагы парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга расмий визит менен келиши күтүлүп жатканын белгиледи. Ал эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө жана аны жаңы, сапаттуу деңгээлге чыгарууга даяр экенин билдирди.

Индиянын тышкы иштер министри Сушма Сварадж кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин эң жакшы каалоо-тилектерин билдирип, анын саламын жолдоду.

Ал бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин белгилеп, мамлекеттик мекемелердин ишмердигин санариптештирүү маселелерине жана парламенттик демократияны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий