• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков менен Исаков Улуттук стратегиянын долбоорун иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 18.12.17./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-декабрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысы менен Премьер-министр Өкмөттүн программасынын негизги багыттарын жана 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиянын долбоорун иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, мыйзам чыгарууну жакшыртуу, калкты социалдык жактан камсыздоо, “Таза коом” улуттук долбоорду ишке киргизүү боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий