• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков менен Кувейттин Улуттук Ассамблеясынын спикери кызматташтыкты талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 07.10.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейт Мамлекетинин Улуттук Ассамблеясынын спикери Марзук Али Аль-Ганем менен жолугушту, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргызстан жана Кувейттин парламенттер аралык мамилелери талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейт менен болгон эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, аны мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кувейттин жетекчилигине Кыргызстандагы социалдык-экономикалык жана гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууда колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Стратегиялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт Фондунун ишмердиги жана «Ас-Салам», «Ас-Сафа», «Ассанабил» фонддорунун кайрымдуулук ишмердигине оң баа берип, Кувейт тараптын жардамы менен Баткен облусундагы 106 жана Кемин районундагы 100 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык шаарчанын ачылышын канааттануу менен белгиледи.

Кувейттин Улуттук Ассамблеясынын спикери Марзук Али Аль-Ганем Мамлекет башчыга жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, акыркы жылдардагы эки тараптуу мамилелердин ырааттуу өнүгүүсүн белгиледи.

Марзук Али Аль-Ганем эки өлкөнүн парламенттеринин активдүү диалогун канааттануу менен белгилеп, мындан аркы жемиштүү кызматташууга, социалдык-гуманитардык, соода-экономикалык жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында Кыргызстанга инвестицияларды тартууга даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий