• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков менен Лайчак КР жана ЕККУнун өз ара аракеттенишүүсүн талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 09.04.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-апрелде, ЕККУнун учурдагы төрагасы, Словакиянын тышкы жана Европа иштери боюнча министри Мирослав Лайчак менен жолугушту.

Мирослав Лайчак менен Кыргызстан жана ЕККУнун өз ара аракеттенишүүсү жана ошондой эле Кыргызстан менен Словакиянын эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Мирослав Лайчак менен учурашып, бүт словак элин Словакия Республикасынын жаңы Президенти Зузана Чапутованын шайланышы менен куттуктады.

«Словакия демократиялык шайлоонун эң бийик үлгүсүн көрсөттү, сиздердин Президентке жана өлкөгө мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз. Биз эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө даярбыз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы эгемендүүлүк алган биринчи күндөрдөн баштап, Кыргызстан өзгөчө шайлоо процессин жана сөз эркиндигин өнүктүрүүдө ЕККУнун туруктуу колдоосун жана жардамын сезгенин белгиледи. ЕККУнун Академиясынын ишмердигине токтолуп, аны мындан ары дагы тереңдеп, кеңейиши керек уникалдуу долбоор деп атады.

«Биз өлкөнүн өнүгүүсүнүн демократиялык жолуна, парламенттик демократиянын бекемделишине, коррупция менен аёосуз күрөшкө, адам укуктарын, эркиндиктерин жана сөз эркиндигин коргоого бекем турабыз. 2020-жылы демократиялык, таза, ачык парламенттик шайлоону өткөрүүгө чечкиндүү даярбыз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюро менен КР Жогорку Кеңешине боло турчу алдыдагы шайлоону ийгиликтүү өткөрүү үчүн тиешелүү жумушту уюштурууга кызыкдар экенин билдирди.

ЕККУнун төрагасы Мирослав Лайчак анын визити КРдеги ЕККУнун миссиясынын башталышынын 20 жылдыгына шайкеш келип калганын канааттануу менен белгиледи.

«Парламенттик демократиянын жолун тандаган Кыргызстанда абдан жагымдуу маанай байкалып турат. ЕККУ сиздердин ишенимдүү өнөктөш жана дос, ар дайым тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана керектүү жардам берүүгө даяр. Сиздер туура жол тандадыңар — парламенттик демократиянын жолун тандаган өлкөлөр эң ийгиликтүү болуп саналат», — деп белгиледи Мирослав Лайчак.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана ЕККУнун төрагасы Мирослав Лайчак ошондой эле ЕККУнун жана Евробиримдиктин алкагында социалдык-экономикалык кызматташтык боюнча пикир алмашышты.

Мамлекет башчысы жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасы ЕККУ менен кызматташуунун темпин жана деңгээлин азайтпастан, мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий