• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков менен Мирзиёев кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 28.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-декабрда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Шавкат Мирзиёевди жана Өзбекстан элин келе жаткан Жаңы 2019-жыл менен куттуктады.

Кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Өзбекстанда мамлекеттик деңгээлде өткөрүлгөн иш-чаралар өзгөчө белгиленди.

Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана келе жаткан жылдагы болочок иш-чараларды талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий