• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков менен Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү – эмнени талкуулашты?

Президент 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 30-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Сооронбай Жээнбеков кесиптеши Шавкат Мирзиёевди жана Өзбекстан элин келе жаткан Жаңы 2020-жыл менен чын жүрөктөн куттуктады.

Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы эки өлкөнүн бакубатчылыгына жана өнүгүүсүнө багытталган өз ара аракетешүүнүн жогорку динамикасын белгилешти.

Кыргызстандын жана Өзбекстандын Президенттери ошондой эле келерки жылдагы кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын олуттуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий