• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков менен Назарбаев телефон аркылуу cүйлөштү — эмнени талкуулашты?

Президент 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. Кечээ, 30-июлда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстан Республикасынын Биринчи президенти Нурсултан Назарбаев телефон аркылуу cүйлөшүштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков жана Нурсултан Назарбаев кыргыз-казак кызматташтыгынын абалын жана болочогун талкуулашты, эки өлкө ортосундагы союздаштык, стратегиялык өнөктөштүк жана ынак кошуналык мамилелерди мындан ары бекемдөөнүн маанилүү экенин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий