• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков менен Назарбаев телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 05.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки мамлекеттин Президенттери Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында өз ара кызматташууну бекемдөө маселелерин
дагы талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий