• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков менен Путин Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-россия жыйынынын катышуучуларына кайрылуу жөнөтүштү

Саясат 0

Бишкек, 15.12.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкекте мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында кыргыз-россия аймактар аралык VI жыйыны өтүп жатат.

Анда Кыргызстандын вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов, Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович, маморгандардын жана КР менен РФнын бизнес өкүлдөрү катышууда.

Жыйындын жүрүшүндө вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун иш-чаранын катышуучуларына жолдогон кайрылуусун окуп берди.

“Активдүү кызматташуунун натыйжасында Кыргызстан менен Россиянын облустарынын аймактык өз ара тыгыз байланышы көрүнүп турат. Эки өлкөнүн аймактары арасында айыл-чарба, тоо-кен тармагында тыгыз байланышуунун жогорку потенциалы байкалат. Биз ЕАЭБ алкагындагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштерди улантышыбыз керек”,-деп айтылат мамлекет башчынын кайрылуусунда.

Президенттин айтымына караганда, 2017-жылдын 9 ай ичинде Кыргызстан менен Россиянын товар алмашуусу дээрлик 1 млрд долларды түзгөн. Кыргызстандан экспорт 1,5 эсеге жогорулаган.

Өз кезегинде Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович РФ президенти Владимир Путиндин жыйындын катышуучуларына жолдогон кайрылуусун окуп берди.

“Борбордук жана жергиликтүү облустардын өкүлдөрү катышып жаткан сиздердин салтка айланып калган жыйыныңар эки өлкө ортосундагы стратегиялык кызматташуунун чыңдалышына зор салымын кошот. Күн тартибинде айыл-чарба жана технология тармагында аймактарды өнүктүрүү боюнча байланыш орнотуу боюнча актуалдуу маселелер бар. Мен сиздердин талкуу жемиштүү болот деп ишенем”,-деп билдирген Путин.

Пикир

Оставить комментарий