• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков менен Путин Душанбеде эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт

Саясат 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, КМШга мүчө-мамлекеттердин өлкө башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында Тажикстанга болгон визиттин жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков РФнын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

“Мамлекет башчылары кыргыз-орус кызматташтыгындагы актуалдуу маселелерди жана анын келечегин талкуулашат”, - деп билдирди Сыдыков.

Пикир

Оставить комментарий