• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү – эмнени талкуулашты?

Президент 0

Бишкек, 07.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.

Сооронбай Жээнбеков Россия президенти Владимир Путинди туулган күнү менен жылуу куттуктап, Россиянын өнүгүүсүнө багытталган пландарды ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз-орус мамилелеринин актуалдуу маселелерин жана Бишкекте 28-ноябрда өтүүчү ЖККУнун жамааттык коопсуздугунун Кеңешинин сессиясына даярдыктарды талкуулашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин дарегине туулган күнүнө карата куттуктоо телеграммасын да жөнөткөн.

Пикир

Оставить комментарий