• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-январда, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашып, жакынкы келечекке пландарды белгилешти.

Эске салсак, 21-январдан 25-январга чейин Бишкек шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу топтордун жолугушуусу өтөт.

Пикир

Оставить комментарий