• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков менен Рахмон чек арада жашаган эл менен жолугушту – сүрөт

Президент 0

Бишкек, 26.07.19. /Кабар/. КР президенти Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 26-июлда Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү жана Исфара шаарындагы Ворух айылдык кеңешинин Тожикон айылындагы кыргыз-тажик чек ара тилекесинин кесилишинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюндагы райондорунун жашоочулары менен биргелешкен жолугушуу өткөрүштү.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда эки мамлекет башчы элдердин ортосундагы тынчтыкты жана ынтымакты, кылымдардан берки достукту сактоо маанилүү экенин белгилешти, тараптардын чек арадагы бардык кыйынчылыктарды четтетүү боюнча чараларды көрүүгө даяр экендигин белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков Тажикстан менен боордош, достук мамилелерди Кыргызстан эли жогору баалай турганын белгиледи.

«Чек ара боюндагы райондордо биздин элдердин жашоо шарттарын жакшы билебиз. Бардык чечилбеген маселелерди билебиз жана жергиликтүү эл кыйынчылык тартпашы үчүн бардыгын жасайбыз. Биз биргеликте бардык маселелерди чечүүгө аракеттенебиз. Биздин чек аралардын тынчтыктын, достуктун жана ынак кошуналыктын дарбазасы болуусун каалайбыз. Чечилбей турган көйгөй жок деп эсептейбиз», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Ал чек араны делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүүнү сунуштады.

Андан соң мамлекеттер башчылар сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн Тажикстан Республикасынын Исфара шаарына багыт алышты.

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо маселесин талкуулашат.

Эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрү эртең, 27-июлда Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында улантылат.

Пикир

Оставить комментарий