• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков менен Шойбле дүйнөдөгү саясий кырдаал тууралуу пикир алмашышты

Саясат 0

Бишкек, 17.04.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-апрелде Берлин шаарында Бундестагдын төрагасы Вольфганг Шойбле менен жолугушту.

Сооронбай Жээнбеков менен Вольфганг Шойбле дүйнөдөгү саясий кырдаал жана Кыргызстан менен Германиянын кызматташуусунун келечеги тууралуу пикир алмашышты.

Вольфганг Шойбле Германия парламенттик демократиянын жолу менен бара жаткан Кыргызстанды дайыма колдоорун баса белгиледи. Парламенттер аралык достук тобу жигердүү иштеп жатат.

Ошол эле мезгилде экономиканы өнүктүрүү маанилүү экенин, Германия Кыргызстандын өнүгүүсүнө жардам берүүгө дайыма даяр экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк расмий визити жана анын алкагында өткөрүлгөн жолугушуулар тууралуу айтып берип, бул визит эки тараптуу карым-катнашты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өбөлгө болоруна үмүттөнөөрүн билдирди.

Сооронбай Жээнбеков жана Вольфганг Шойбле соода-экономикалык кызматташтык, анын ичинде Евробиримдиктин алкагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты, климаттын өзгөрүүсү, глобалдык жылуулук, жашыл технологиялардын фондун түзүү ж. б. боюнча пикир алмашышты.

Тараптар климаттын өзгөрүүсү жалпы адамзатка тиешелүү экенин жана бардыгы ага кам көрүүсү зарыл экенин белгилешти.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Германия менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин дагы бир жолу баса белгилеп, Бундестагдын төрагасын Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий