• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков менен Си Цзиньпин темир жол долбоорун активдештирүүнү макулдашышты – элчи

Саясат 0

Бишкек, 02.05.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолу долбоорун активдештирүүнү макулдашышты. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь билдирди.

Анын айтымында, С.Жээнбековдун Пекин шаарындагы “Бир алкак-бир жол” форумуна катышуусунун алкагында Си Цзиньпин менен жолугуп, тараптар темир жол куруу маселесин талкуулашкан. Элчи өзү да ал жолугушууга катышкан.

“Бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр буга чейин эле башталган. Ал сүйлөшүүлөр мен Кытайдын ТИМнин Борбор Азиядагы бөлүмүнүн жетекчиси болгон убакта эле башталган. Азыр мен элчи болуп отурам. Башкача айтканда, сүйлөшүүлөр 20 жылдан ашык убакыттан бери уланууда. Бул жолу тараптар эксперттер долбоор боюнча иштерди активдештирип, тыкыр иштеп баштоо тууралуу макулдашышкан”, - деп түшүндүрдү ал.

Ду Дэвэнь кошумчалагандай, долбоорду ишке ашыруунун алкагында Кытай өз талаптарын койбойт. Ал баса белгилегендей, темир жол баардык стандарттарга жана талаптарга ылайык курулуусу керек.

Пикир

Оставить комментарий