• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков менен Токаев «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барышты

Президент 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. КР президенти Сооронбай Жээнбеков жана Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчылары 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун элесине арналган Мемориалга жана жазуучу Чынгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюшту. Арбактарга багышталып куран окулду.

Эске салсак, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген.

Пикир

Оставить комментарий