• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков менен Токаев Ч. Айтматовдун үй-музейине барышты

Коом 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарындагы Чынгыз Айтматовдун үй-музейине барышты.

Мамлекеттер башчылары улуу жазуучунун жакындары менен маектешип, үй-музейди жана андагы экспонаттарды көрүп чыгышты. Чынгыз Айтматовдун уулу — Элдар Айтматов Президенттерге музей жөнүндө, атасынын өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берди жана Казакстан Президентине сүрөт белек кылды.

Касым-Жомарт Токаев каалоолор китебине жазуу калтырды. Кыргызстандын жана Казакстандын Мамлекет башчылары Чынгыз Айтматовдун үй-бүлөсү менен эстеликке сүрөткө түшүштү.

Эске салсак, бүгүн, 27-ноябрда Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик визити болду.

Пикир

Оставить комментарий