• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков менен Токаев эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13- июнда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.

Эки тараптуу, анын ичинде ЕАЭБ, ЖККУ жана ШКУ алкагында мамилелердин мындан аркы өнүгүүсүнүн азыркы абалы жана келечеги талкууланды.

Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады жана анын мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө дагы бир жолу чакырды.

Казакстан Президенти жаңы шайланган Мамлекет башчысы катары алгачкы чет элдик визит менен Кыргызстанга келгени үчүн кубанычтуу экенин баса белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев боордош Кыргызстан менен кызматташтыкты тереңдетүү жана өнүктүрүү үчүн бардык аракетин жумшай турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий