• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков менен Ули Маурердин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча документтерге кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 10.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Швейцария Президенти Ули Маурер менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бүгүн, 10-июлда бир катар документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтер:

— «Жер-жемиштер боюнча кошумча наркты түзүү чынжырчасындагы стандарттарды сактоо боюнча дараметин бекемдөө жолу менен чакан жана орто ишканалардын рынокторго жетүүсүн кеңейтүү» экономикалык долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

— Суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

— «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызды башкаруу системасын бекемдөө» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аркылуу аракеттенген Кыргыз Республикасы менен SECO экономика боюнча мамлекеттик катчылык аркылуу аракеттенген Швейцария Конфедерациясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

— «Кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

— Суу ресурстарын интеграциялык башкаруу чөйрөсүндө кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ.

Пикир

Оставить комментарий