• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков: “Менин милициям мени коргойт” деген ишенимди жарандардын көкүрөгүнө орнотуу – башкы милдет

Президент 0


Бишкек, 01.11.19. /Кабар/. »Менин милициям мени коргойт» деген ишенимди ар бир жарандын көкүрөгүнө орнотуу — эң башкы милдет», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-ноябрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада.

Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет:

»Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана аскер кызматчылары! Урматтуу ардагерлер!

Сиздерди Кыргыз милициясынын 95 жылдык юбилейи менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Кыргыз жергесинде биринчи жолу, 1924-жылдын 1-ноябрында — облустук милициянын башкармалыгы түзүлгөн.

Ушул күндөн тартып Кыргыз милициясы үзүрлүү жана даңктуу жолду басып өттү.

Алгачкы жылдары, совет бийлигин орнотууда, терроризм менен күрөшүүдө милиция чоң роль ойноду.

Биздин милициябыз Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында оор сыноолорду башынан өткөрдү.

Фронтко кыргыз милициясынын жеке курамынын дээрлик үчтөн бир бөлүгү кеткен, алардын көпчүлүгү согуштан кайтпай калышты.

1,5 миңге жакын милиционер фронтто жана оорукта душмандарга каршы күрөшүп, мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон.

Согуш жылдары кыргыз милициясы мамлекеттик жана коомдук менчикти натыйжалуу коргогон.

Согуштан кийинки, криминогендик кырдаал кыйла татаал болгон жылдары да милиция көп сандаган каармандыкты жаратты.

Ал кыйынчылыктар ардагерлерибиздин эсинде.

Ушул татаал жылдарда кыргыз милициясынын катарында фронтовиктер, Советтер Союзунун Баатырлары Калыйнур Үсөнбеков, Иван Немцев, Пётр Сидоров кызмат өтөгөн.

Алардын басып өткөн жолу азыркы муунга бийик үлгү болуп, абийирдүүлүккө жана эрдикке шыктандырып турат.

Бүгүн Кыргыз милициясынын калыптанышына зор салымын кошкон ардагерлердин ысымдарын терең урматтоо менен эскеребиз.

Милициянын даңктуу тарыхында Эргеш Алиев, Афанасий Пчёлкин, Николай Москов, Жапар Шабиров, Владимир Ушаков сындуу атактуу инсандардын аты алтын тамгалар менен жазылып калды.

Кийин, 90-жылдардын башында, Советтер Союзунун тарашы менен көптөгөн мамлекеттик институттар алсырай түшкөн.

Республикада уюшкан кылмыштуулук жанданган.

Адам уурдоо, барымтага алуу, буйрутма адам өлтүрүү, наркобизнес, курал менен мыйзамсыз соода кылуу көбөйгөн.

Рейдерлик, менчикти тартып алуу, ишкерлерди тоноо сыяктуу — бизнеске кедергисин тийгизген кылмыштар күч алган.

Ушул оор мезгилде ички иштер органдары мурдагыдай эле күжүрмөн жөндөмүн жоготкон жок. Мыйзамдуулукту орнотуу, коомдук тартипти коргоо үчүн, уюшкан кылмыштуулукка жана бандитизмге каршы чечкиндүү күрөш жүргүздү.

Укук коргоо органдарынын ошол кездеги натыйжалуу аракети менен өлкөнүн коопсуз өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлгөн.

Улуулардын даңктуу жолун улап, өз милдетин намыс менен аткарган, милициянын сыймыгы болгон, чыныгы профессионалдар өсүп чыкты.

Эгемендүүлүк жылдарында, кылмышкерлер менен болгон кармашта ички иштер органдарынын 170 кызматкери курман болду.

Алардын ичинде:

милициянын полковниги СУЛТАНОВ Адилбек,

милициянын капитандары ИСМАИЛОВ Төлөбек жана СЫДЫГАЛИЕВ Бакай,

милициянын улук лейтенанты ТУЙТУНОВ Муратбек,

милициянын старшиналары САРЫБАЕВ Улан, ЖУМАКАДЫРОВ Өмүрбек

жана КАРАБАЛАЕВ Замирбек бар.

Курман болгон милиция кызматкерлеринин баардыгы — биздин замандын баатырлары, элибиздин азыркы турмушу жана келечеги үчүн өз өмүрлөрүн беришкен каармандар.

Алар коомубуздун жана мамлекетибиздин коопсуздугун сактап, темирдей бекем эркти жана нукура эрдикти көрсөтүштү.

Жалпы журтубуз жана ушул жерде олтурган кесиптештери, ар бирибиз — алардын кыргыз элине сиңирген эмгегин ыраазылык менен белгилейбиз жана жаркын элестерин жүрөгүбүздө сактайбыз.

Урматтуу бүгүнкү салтанаттуу жыйындын катышуучулары!

Жарандарыбыздын мамлекетке, бийликке болгон ишеними катардагы милиционерден башталат.

Коомдун тынчтыгы, өмүрүнүн сактыгы, мүлкүнүн корголушу үчүн — жарандар милиция кызматкерлерине ишеним артат.

Бул абдан олуттуу, жоопкерчиликтүү жана ардактуу иш.

Өзүнүн дээрлик бир кылымга созулган узак жолунда милиция бул ишти ар намыс менен аткарып келди, элдин ишенимин актады.

Кыргыз милициясы бүгүн да элге ак ниеттүүлүк жана берилгендик менен кызмат өтөп жатат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги жана жалпы курамы жасаган жакшы иштерди белгилесек болот.

Атап айтканда, Ички иштер органдары элге кызмат көрсөтүү борборун «Бирдиктүү терезе» режиминде уюштурду.

Бир жыл мурда Бишкек шаарында алгач башталган ишти улап, жарым жыл ичинде мындай борборлор бардык региондордо ачылды.

Муну менен жарандардын жана кызматкерлердин ортосундагы түз байланыштар чектелип, коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюлууда.

Бир нече жылдар бою жарандардын жолдогу коопсуздугу камсыз кылынбай келген.

Жол кырсыктарынын кесепетинен болгон өлүмдөрдүн саны жогору бойдон калган.

Биз бул жылы абалды олуттуу өзгөртүүгө жетиштик.

»Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүү менен, видео байкоо системалары орнотулган жерлерде жол кырсыктарынын саны дээрлик 50 пайызга азайды.

Видео байкоо коюлган жол участкаларында адам өлүмүнүн учурлары кескин төмөндөдү.

Бул биздин сиздер менен болгон жалпы жетишкендигибиз.

Ушул эле жылдын аягына чейин республика боюнча, дагы кошумча 300дөн ашык видео байкоо аппараттык комплекстери орнотулат.

Бул жол кырсыктарынын санын мындан ары да азайтууга жана биздин көптөгөн жарандарыбыздын өмүрүн жана ден-соолугун сактап калууга мүмкүндүк берет.

Бишкектин эки районунда жаңы түзүлгөн милициянын Кайгуул кызматынын иши башталды.

Конкурстук тандоодон жана атайын окуудан өткөн кызматкерлер кайгуулга чыкты.

Бул иштин башталышы гана. Ушул жылдын аягына чейин Кайгуул милициясынын кызматы жалпы Бишкек шаарын камтыйт.

Ал эми келээрки жылда бул долбоор республикабыздын бардык аймактары боюнча жайылтылат.

Мурдагы жылы Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын жана облустук башкармалыктардын негизсиз кеңейтилген түзүмдөрү кыскартылган.

Бошотулган кызмат орундары ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүн бекемдөө үчүн айылдарга жана шаарларга жөнөтүлгөн.

Жашы жете электер менен иштеген кызматкерлердин жана участкалык инспекторлордун саны көбөйтүлдү.

Жарандар менен жакын иштеген, коом тартибин бузуучулар, кылмышкер менен түзмө-түз кармашкан кызматкер — бул участкалык милиционер.

Ошондуктан жер-жерлерде участкалык кызматкерлерди көбөйтүү — жарандар менен милициянын ортосундагы ишенимди бекемдейт.

Коомдук тартипти күчөтүп, натыйжада кылмыштуулук азаят.

Урматтуу милиционерлер!

Мамлекет тарабынан милициянын ишин ыңгайлуу шарттар менен камсыз кылуу үчүн мүмкүн болгон бардык аракеттер жасалууда.

Атап айтканда, ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн республиканын бардык аймактарында көп кабаттуу турак-жайларды куруу иштери улантылат.

Келээрки жылы Бишкек, Ош шаарларында жана Нарын облусунда жайгашкан алты үйдүн курулушу аяктайт. Милиционерлерге 516 жаңы батирлер берилет.

Материалдык-техникалык база оңолот — оргтехника, атайын техника менен камсыздоо жакшыртылат.

2020-жылдын 1-январынан тартып жалпы ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, өзгөчө ылдыйкы звенодогу кызматкерлердин айлыгы бир кыйла көбөйтүлөт.

Ошону менен бирге, биз сиздерден өлкөдөгү мыйзамдуулукту жана туруктуулукту камсыз кылууга багытталган натыйжалуу жыйынтыктарды талап кылабыз.

Алдыга коюлган милдеттердин эң негизгиси — элдин тынч жашоосун камсыз кылуу, коомдо бекем тартипти орнотуу.

Азыркы учурдагы кырдаал — ички иштер органдарын реформалоону аягына чыгарууну жана милиция кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатууну талап кылат.

Сиздердин уюшкан кылмыштуу топторго каршы иш жүргүзүп жатканыңарга карабай, бул коркунуч азайбай жатат.

Ошондуктан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү системалуу жана туруктуу жүргүзгүлө.

Криминалитетти ооздуктоо, уюшкан кылмыштуулукту жоюу — силердин ишиңердин эң артыкчылыктуу багыты болушу керек.

Наркотрафикке каршы күрөш боюнча биздин өз жарандарыбыздын гана эмес, коопсуздук боюнча чогуу аракеттенген өнөктөш өлкөлөрүбүздүн алдында да милдеттерибиз бар.

Реформанын алкагында тиешелүү кызмат Министрликтин курамына кирген.

Бул өзгөрүүлөргө карата коомдун ишеними жана талабы жогору болгон.

Ошондуктан наркотрафикке каршы күрөштү отчет үчүн эмес, реалдуу натыйжага жетиш максатында күчөткүлө.

Бул багыттагы иштерди кескин жакшыртуу — ички иштер органдарынын жетекчилеринин милдети.

Урматтуу салтанаттуу жыйындын катышуучулары!

Ишкерлердин коопсуздугун камсыз кылбасак — экономиканын өнүгүүсү, бюджеттин көбөйүшү, эмгек акынын, пенсиянын, жөлөкпулдардын жогорулашы мүмкүн эмес. Силердин айлыгыңар дагы 1-январдан көтөрүлмөк эмес.

Айрым учурда ишкерлер милиция кызматкерлеринен жардам таба албай, аларга ишенимдин жоктугунан түзмө-түз өлкө жетекчилигине кайрылууга аргасыз болуп жатышат.

Бизнести коргоо, ишкерлерди колдоо — баарыбыздын милдетибиз экенин дагы бир ирет баса белгилеп кетким келет.

Бизнести коргоо — силерге коюлган өзгөчө тапшырма.

Силердин милдетиңер — мыйзамсыздыкка жол бербей, бизнеске коопсуз шарт түзүү.

Бүгүн Кыргыз милициясынын өзөгүн, ички иштер кызматкерлеринин басымдуу көпчүлүгүн ак ниет, намыстуу, мекенге берилген инсандар түзөт.

Ошондой адамдар бүгүн ушул залда олтурат деп билебиз.

Тилекке каршы, ички иштер кызматкерлеринин арасында «бир карын майды бир кумалак чиретет» дегендер да бар.

Мындай кызматкерлер жүрүп жаткан соттук-укуктук реформаларга бөгөт жаратып, коомдун келечегине коркунуч жаратууда.

Милициянын катарында жогорку кесиптик жана моралдык сапаттарга ээ болгон гана адамдар кызмат кылуусу керек.

Реформанын ийгилигин, милициянын ишин эң объективдүү баалаган фактор — бул элдин ишеними.

»Менин милициям мени коргойт» деген ишенимди ар бир жарандын көкүрөгүнө орнотуу — эң башкы милдет.

Жүрүп жаткан реформалар милиция кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнө, билим деңгээлине, дене тарбиялык даярдыгына, моралдык деңгээлине жаңы талаптарды коет.

Элдин үмүтүн акташ үчүн кесипкөйлүктү жогорулатуу менен катар, өз катарыңардагы коррупцияны да жоюшуңар зарыл.

Ошону менен бирге, Ички иштер министрлигинен кадрлардын сапатын кескин жакшыртуу ишин талап кылам.

Кадырлуу ардагерлер!

»Өткөндү билбей туруп, учурду жана келечекти түшүнүү мүмкүн эмес» деген акылман сөз бар.

Сиздер милициядан кол үзбөй, бай тажрыйбаңыздарды жана билимиңиздерди жаш кызматкерлерге жеткирип жатканыңарды билебиз.

Сиздерге терең ыраазылык билдирем!

Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери!

Сиздер эр жүрөктүүлүк, жан аябаган каармандык эмгегиңер менен элдин колдоосуна жана сый-урматына жеттиңер.

Ага татыктуу экениңерди жогорку кесипкөйлүк менен далилдеп жатасыңар.

Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, урматтуу милиционерлер, силерге тагылган милдеттерди аткаруунун натыйжасы күн сайын жогорулайт деп ишенебиз.

Жалпыңыздарды Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 95 жылдыгы менен дагы бир жолу куттуктайм.

Сиздердин татаал, кооптуу жана жооптуу ишиңиздерде амандыкты жана албан ийгиликтерди каалайм.

Элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде дайыма тынчтык болсун!

Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай Өзү колдосун!»

Пикир

Оставить комментарий