• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымын кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) төрайымы Элнура Боронбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, ошондой эле калктын буга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу кырдаалда саламаттык сактоо тармагында системалуу алешемдиктер ачыкталганын белгиледи.

Саламаттыкты сактоонун бүт системасын, анын ичинде жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандырууну өркүндөтүү, ошондой эле коомдук саламаттыкты сактоонун ролун күчөтүүнүн өзгөчө зарылдыгын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков саламаттык сактоо тармагын санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүшү керектигин, ал бүтүндөй системага, анын ичинде бейтаптарды дарылоо шарттарына да пайдалуу таасирин бериши керектигин айтты.

Ошондой эле эл аралык жардам линиясы боюнча келип жаткан каражаттарды ырааттуу пайдаланууга көңүл бурду.

ММКФ төрайымы Элнура Боронбаева коронавирус инфекциясы пандемиясынын шарттарында фонддун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди.

Өлкө жарандарын сапаттуу медициналык жардам менен кепилденген камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.

Ал бүгүнкү күндө бардык мамлекеттик медициналык мекемелерде медицина кызматкерлери үчүн жеке коргоочу каражаттардын запасы бар экенин маалымдады.

Бюджеттик акча каражатына коргоочу каражаттарды сатып алуу улантылып жатат, медициналык мекемелер алардын запастары менен күн сайын толукталууда. Жалпысынан акыркы 3,5 айдын ичинде бул максатка 187 млн сом багытталган.

Ошондой эле Элнура Боронбаева тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге дары-дармектердин баасын жөнгө салуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий