• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков министр Бейшенов менен жол-инфратүзүмдүк долбоорлорунун ишке ашырылышын текшерди

Президент 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-июлда Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов менен онлайн кеңешме өткөрдү.

Өлкөнүн жол тармагынын азыркы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги талкууланды, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов өлкөнүн ички жолдорун, ири автотрассаларын куруу жана реконструкциялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле министр «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча сүйлөшүү процесстеринин жүрүшү тууралуу маалымдады.

Ал түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен министрликтин бюджетин 70%га кыскартууга карабай, мурда бөлүнгөн каражаттарды үнөмдөө менен ички жолдорду оңдоп-түзөө улантылып жатканын билдирди. Ашуулардагы жолдордун абалына дагы өзгөчө көңүл бурулуп жатат.

Министр Бишкек — Кара-Балта автожолун реконструкциялоо, Маданият — Жалал-Абад жолунун курулушун улантуу, Түндүк-Түштүк долбоорун ишке ашыруу — инвестициялык долбоорлор боюнча пландык иштерден маалымат берди.

Азыркы тапта Бишкек — Кара-Балта автожолуна орган-минералдык катмар төшөлүп жатат, коронавирус инфекциясы пандемиясына карабастан, жыл соңуна чейин бардык трассаны асфальттоо иштерин жыйынтыктоо тууралуу подрядчылар менен келишимге жетишилген. Ошондой эле каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен Бишкек шаарынын 7 км жол тилкесин оңдоо пландаштырылууда.

Маданият — Жалал-Абад жолунда толук кандуу иш уланууда, асфальт төшөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча бардык тараптар саясый чечим кабыл алганын эске салып, бул долбоорду ишке ашыруунун өзгөчө маанисин белгиледи.

»Бизде деңизге чыгууга жол жок, пандемия шартында биз ар тараптан «жабылып» калдык. Чек аралар жабылды, экономикага эле эмес, азык-түлүк коопсуздугуна да коркунуч жаралды. Калкты биринчи кезектеги азык-түлүк менен камсыз кылуу маселеси коркунучта калды. Андыктан, өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатуу өтө маанилүү, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу бизге абадай керек», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент бул багытта үзгүлтүксүз иштерди жүргүзүү жана Министрлик тараптын «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын ишмердигине көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Министр Жанат Бейшеновдун берген маалыматына ылайык, бул мега долбоорду ишке ашырууга кызыкдар болгон тараптардын министрлер жана эксперттердин деңгээлиндеги консультативдик жолугушуулары өткөрүлүп жатат.

Мындан сырткары, Мамлекет башчысы салмак- көлөмдү текшерүү тутумун санариптештирүүгө көңүл бурду.

»Оор жүк ташуучу унаалар жолдорду бузуп жатат, бул тармактагы коррупция алигиче түп тамырынан жоюла элек. Салмак- көлөмдү текшерүү толугу менен санариптик форматка өткөрүлүшү керек, ал эми түшүп жаткан каражаттар коррупциялык тобокелдиктерди жоюу үчүн бул тутумда кызмат кылгандардын айлык маянасын көтөрүүгө жумшалышы зарыл», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Аймактардагы ички жолдорду жакшыртуу маселесине токтолгон Мамлекет башчысы, алыскы бийик тоолуу аймактардагы жолдорду суук аба ырайы баштала электе, тез арада, жай мезгилинде оңдоо жана куруу иштерин баштоо керектигин белгиледи. Бардык райондордо курулуш иштери бирдей калыпта жүргүзүлүшү керек.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул багытта өткөн жылы жакшы иштер жасалгандыгын канааттануу менен белгиледи. Кээде калктын нааразы болуп жаткандыгы негиздүү экенин айтып, ошондуктан курулуш иштеринин сапатына көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды жана жол иштерине ата мекендик компанияларды тартууну сунуштады.

Министр үстүбүздөгү жылда өлкөнүн 23 шаарында жана 40 районунда 153 км ички жолдорду куруу жана оңдоо иштери мерчемделгенин билдирди. Бул максатта 500 млн сом пландалып, анын 100 млну бөлүнүп берилген. Жанат Бейшенов баса белгилегендей, жумуштун басымдуу бөлүгү жол тейлөө ишканаларынын күчү менен ишке ашырылат.

Ошону менен бирге Жанат Бейшенов Тоң районунда жээктерди бекемдөө иштери жүргөнүн, Лейлек районунун Зардалы айылына жакын жерде жүргөн селден улам жол кыймылы бир нече саатка токтоп, трасса тазалангандыгын маалымдады.

Ошондой эле Ош-Исфана трассасында сел буруучу каналдар агып келген таштуу селден тазаланып, бардык участоктордо унаалардын кыймылы ыкчам түрдө кайра калыбына келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий