• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков Мирзиёевди жана өзбекстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 01.09.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевди жана жалпы өзбек элин Өзбекстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Сиздин даанышман жетекчилигиңиз менен Өзбекстан Республикасы региондук жана эл аралык маселелерде кылган чечкиндүү кадамдарынын натыйжасында дүйнөлүк аренада татыктуу орунду ээледи.

Бүгүнкү күндө биздин мамлекеттердин кызматташтыгы болуп көрбөгөндөй бийик деңгээлге чыкты. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, достук жана ынак коңшулук мамиле мындан ары да эки элдин жаркын келечеги үчүн бекемделе берет деп терең ишенем», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал Шавкат Мирзиёевге чың ден соолук, бакутбатчылык жана мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми боордош өзбек элине өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий