• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков митинг боюнча: Ультиматум тили кабыл алынбайт

Президент 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. «Ультиматум тили кабыл алынбайт», - деп баса белгиледи Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-мартта өлкөнүн экономикалык коопсуздук маселелери боюнча бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Мамлекет башчысынын айтуусунда, кечээ милиция кызматкерлери өздөрүнүн милдеттерин толук кандуу аткарышты.

«Алар шаардыктардын тынч жашоого болгон укугун коргоп, шаардагы тартипти камсыз кылышты. Мамлекет башчысы катары, дагы бир жолу кайталап айтам, коомдогу тынчтык баарынан жогору турат. Бардык маселелер укуктук талаада чечилет, ультиматум тили кабыл алынбайт. Өлкөдө мыйзамдуулук сакталышы керек», — деп баса белгиледи президент.

Эске сала кетсек, кун мурун, 2-мартта Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышкан. Акциянын катышуучулары Жогорку Кеңештин имаратынын алдына келгенде милиция аларды тарата баштаган. Митингдин катышуучулары тартип коргоо орган кызматкерлерине таш ыргытышкан.

Митингден кийин Каныбек Осмоналиев, Сабыр Жапаров, Амангелди Артыков жана башкалар УКМКга алынып келинген. Алар «бийликти басып алууга аракет кылган» деп шектелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий