• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Мюнхенде мекендештер менен жолугушту: Эмне тууралуу сөз болду - фото

Коом 0

Бишкек. 15.04.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Мюнхен шаарында Германияда окуп жана иштеп жаткан кыргызстандыктар менен жолугушту.
Мамлекет башчы жогорку деңгээлдеги жолугушуулардан тышкары мекендештер менен жолугушуу анын расмий визитинин негизги максаттарынын бири экенин белгиледи.

«Былтыр мекендештердин форумуна катышкан кыргызстандыктар көптөгөн сунуштарды айтышты. „Мекендештер“ Форуму жолугушуулар жана пикир алмашуулар үчүн жакшы аянтча болуп калды. Форумдун жыйынтыктары боюнча КР Президентинин алдында мекендештер Кеңеши түзүлгөн. Анын мүчөлөрү менен быйыл жолугушам. Биз сиздердин ийгиликтериңиздерге жана жетишкендигиңиздерге ар дайым кубанычтабыз „, — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Германиядагы мекендештер Мамлекет башчысына негизинен виза, билим берүү, саламаттык сактоо, улуттук маданиятты, адабиятты, анын ичинде Ч. Айтматовдун чыгармаларын жайылтуу, инвестицияларды тартуу, Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу, айыл чарбасын өнүктүрүү, ‚Мекен карт‘ долбоору, Кыргызстан менен Германия ортосундагы эки тараптуу мамилелерди күчөтүү, эки өлкө ортосунда түз каттамды ачуу маселелерине байланыштуу суроолорду беришти.

Мекендештердин суроолоруна Жээнбеков, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Германиядагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эринес Оторбаев, КР экономика министри Олег Панкратов жооп беришти.

Суроолорго жооп берип жатып, Мамлекет башчысы региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү, транспорт-логистика чөйрөсүн, айыл чарбасын ж. б. тармактарды өнүктүрүү сыяктуу өлкөнү өнүктүрүү долбоорлоруна токтолду.

Пикир

Оставить комментарий