• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Модинин сапары кыргыз-индия кызматташтыгынын баардык багыттарына импульс берет деп ишенем

Саясат 0

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. «Нарендра Модинин расмий сапары кыргыз-индия кызматташтыгынын баардык багыттарына импульс берип, аларды жаңы бийик деңгээлге чыгараары шексиз», – деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июнда Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди менен анын Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагында өткөн кеңири курамдагы жолугушууда.

Ал белгилегендей, Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү түзүү боюнча биргелешкен декларация бул максатты ишке ашырууда чечкиндүү роль ойнойт.

Сооронбай Жээнбеков соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө эки тараптуу алакалардын артыкчылыклуу багыты болуш керек экенин баса белгиледи.

«Бүгүнкү расмий сапар, өтүп жаткан бизнес-форум жана текстиль көргөзмөсү биздин өлкөлөрдүн соода-экономика тармагындагы кызматташтыктын дараметин бийик деңгээлге көтөрүүгө багытталган чечкиндүү кадам деп ишенем», - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент биргелешкен каржы механизмдерин түзүү боюнча биздин сунушубузду изилдеп жаткан индиялык тарапка ыраазылык билдирди.

«Түзүлө турган Кыргыз-индия өнүктүрүү фонду, эки мамлекеттин чакан жана орто ишкерлерине көмөк көрсөтүп, өз ара байланыштарын бекемдегенге өбөлгө болот деген ниеттебиз. Экономикалык кызматташтыкты дагы өнүктүрүп, анын жаңы формаларын орнотууга дем берет десем жаңылышпайм», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Индия сыяктуу эле, Кыргызстан да агрардык секторду өнүктүрүүгө артыкчылыктуу багыт бере турганын кошумчалады.

«Биз багбанчылыкты жана мал чарбаны өнүктүрүүнү улуттук саясаттын приоритеттүү багыттарына кошобуз. Кыргызстан – Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү катары - өндүрүлгөн айыл-чарба продукцияларын экспорттоого ыңгайлуу шарттарга ээ болду. Ошондуктан, агрардык тармактагы аракеттерибизди бириктирүүнү жана мамлекеттик деңгээлдеги ири долбоорлорду чогуу ишке ашырууну сунуштайм», - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент ошондой эле өлкөнүн региондорун өнүктүрүү саясатынын алкагында ишке ашырылып жаткан социалдык обьектилерди куруу жана транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча долбоорлорго индиялык тараптын көңүлүн бурду.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы саламаттыкты-сактоо жаатында түзүлгөн бекем кызматташтыкты канааттануу менен белгиледи жана онкологиялык оорулууларды дарылоо үчүн “Бабатрон-2” нур жабдууларын берип, гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазылык билдирди.

Ошондой эле Мамлекет башчысы билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу маселелерине да токтолду.

«Азыркы учурда Кыргызстандын Жогорку окуу жайларында 9 миңге жакын Индиянын студенттери билим алууда. Алар мекенине кайтып барганда татыктуу адис боло алат деп терең ишенебиз. Мындан тышкары Кыргызстанда Борбордук-Азия-Индия дистанциялык билим берүү институтун ачылып жатканы бизди өзгөчө кубандырат. Бул институттун телегейи тегиз, келечеги кең болот деген ниеттебиз», - деди Президент.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Индия менен маданий-гуманитардык кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар экенин билгиледи. 2021-жылды Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын достук жана маданият жылы деп жарыялоону демилгеледи.

«Ал жылдын алкагында эки өлкөдө тең Маданият күндөрүн, ага кошумча Болливуд фестивалын Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштайм», - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков биргелешкен аракеттердин баары Кыргызстан жана Индия элдеринин бакубатчылыгын камсыз кылууга багытталганын дагы бир жолу баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий