• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Монголия Президентин "Наадам" жана Элдик революция күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 10.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулганы "Наадам" жана Элдик революция күнү майрамдарына байланыштуу куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

"Монголиянын даңктуу тарыхын жана өзгөчө каада-салтын чагылдырган „Наадам“ жана Элдик революция күнү майрамдарына байланыштуу чын жүрөктөн куттуктоомду кабыл алыңыз. Биз кыргыз-монгол мамилелеринин азыр калыптанып калган деңгээлин жогору баалайбыз жана эки өлкөнүн элинин бакубаттыгы үчүн аларды өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө ниеттенебиз. Циндао шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагындагы биздин жолугушууну жылуу маанайда эстейм жана Монголиянын делегациясын 2018-жылдын сентябрында кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында чыдамсыздык менен күтөм. Учурдан пайдаланып, Сизге бекем ден-соолук жана бакубаттык, ал эми монгол элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм", - деп айтылат Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий