• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Монголиянын Президентин туулган күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 03.03.18 /Кабар/. Кыргыз Рсепубликасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулганы туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Сиздин жетекчилигиңиз алдында жүргүзүлүп жаткан кайра түзүүлөр Монголиянын экономикалык жана социалдык өнүгүүдө дагы, демократияны бекемдөөдө дагы кыйла жетишкендиктерине алып келет деп ишенем. Биздин өлкөлөрүбүздү өз ара аракеттенишүү тармактарында зор мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон салттуу достук жана бир туугандык мамилелер байланыштырып турат. Ушуга байланыштуу кыргыз-монгол кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигимди билдирем”,- деп белгиленет Кыргызстан Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулгага чың ден-соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми боордош Монголия элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий