• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Москва шаарындагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышат

Жеңишке 75 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен 24-июнда 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун билдиришинче, иш сапардын алкагында Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышуу пландаштырылган.

«Белгилей кетчү нерсе, 75 жыл мурун, ушул күнү — 1945-жылдын 24-июнунда Кызыл аянтта жеңүүчүлөрдүн легендарлуу тарыхый парады болуп өткөн», — деп белгиледи Данияр Сыдыков.

Пикир

Оставить комментарий