• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков Москвага катардагы каттам менен учту

Президент 0

Бишкек, 14.06.18. /Кабар/. КР президенти Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Москвага башка мекендештер менен бирге катардагы каттамда учуп кетти.

КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, мамлекет башчысын басма сөз кызматынын, протоколдук бөлүмдүн жана мамкүзөттүн бир нече кызматкери гана коштоп жүрөт. Ага байланыштуу №1 борттун кызматын колдонбоо чечими кабыл алынган.

Маалымдалгандай, сапардын алкагында президент футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын ачылышына катышып, андан соң Россия жана Сауд Арабиясынын курамаларынын ортосундагы биринчи оюнга күбө болот.

Андан тышкары, Жээнбековдун Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө, анда эки өлкө ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланат.

Эске сала кетсек, мурда президент Жээнбеков Ошко катардагы каттам менен учуп, бир тууган агасынын жылдыгына барып келген.

Пикир

Оставить комментарий