• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков Нью-Делиде Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 31.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков 30-майда, Индия Республикасына иш сапарынын алкагында Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратыныг маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Эске салсак, мамлекет башчысы Индияга Нарендра Модинин чакыруусу менен анын инаугурациясына катышуу үчүн келген.

Сооронбай Жээнбеков Нарендра Модини «Бхаратия Джаната парти» партиясынын парламенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши жана Нарендра Модинин Индиянын премьер-министри болуп кайра шайланышы менен куттуктады.

«Шайлоолордун жыйынтыгы Сиз жүргүзгөн олуттуу реформаларга жана аткарып жаткан маанилүү иш-чараларга Индия элинин көрсөткөн чоң ишенимин далилдейт. Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы достук жана өз ара ишенимдүү кызматташтык үзгүлтүксүз бекемделет деген ишенимдемин», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Нарендра Модини Кыргызстанда жакында боло турчу расмий визити менен күтүп жатышканын эске салып, визит жогорку деңгээлде, жемиштүү жана ийгиликтүү өтөөрүнө ишенимин билдирди.

Нарендра Моди куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан жана Индия ар тараптуу кызматташуунун көп жылдык мамилелерине ээ дос өлкөлөр экендигин баса белгиледи. Ал Индия тарап Кыргызстан менен ар тараптуу мамилелердин мындан аркы өнүгүүсүнө кызыкдар экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана премьер-министр Нарендра Моди эки тараптуу жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташтыктын кеңири спектри боюнча маселелерди талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий