• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков Нью-Йоркко келди

Президент 0

Бишкек, 24.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарына келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мурда маалымдалгандай, Мамлекет башчысы БУУнун башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, БУУнун Башкы катчысы Антонио Гуттериш менен жана башка мамлекеттердин башчылары менен жолугушат. Кыргыз Республикасынын Президенти визиттин алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Д. Хаммаршельд атындагы китепканасында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнү ачат.

Пикир

Оставить комментарий