• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 18-июнда, президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге тез арада толугу менен сакайып кетишин каалады. Кыргызстан президенти ак ниет коңшулукка, стратегиялык өнөктөштүккө жана шериктештикке негизделген кыргыз-казак кызматташтыгынын өнүгүшүнө Нурсултан Назарбаевдин кошкон салымын өзгөчө баса белгиледи.

Ошондой эле тараптар эки өлкө коронавирус инфекциясынын кесепеттерин жарандардын өмүрү менен саламаттыгын коргоого багытталган бергелешкен күч-аракеттер жана ошондой эле эки мамлекеттин экономикасын колдоо менен гана жеңип чыгарын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий