• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков Нур-Султанда Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышууда

Саясат 0

Нур-Султан, 29.05.19. /Кабар/. Казакстандын Нур-Султан шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕАБ) мааракелик жыйыны өтүүдө.

Учурашуу жана сүрөткө түшүү аземдеринен кийин ЖЕЭК Жогорку кеңешинин мүчөлөрү чакан курамда жолугушууга кетишти, анын жүрүшүндө ЖЕЭК алкагында интеграцияны мындан ары тереңдетүү боюнча чараларды талкуулоо пландалууда.

Андан соң мамлекет башчылары Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына кеңири курамда катышышат.

Казакстандын президенти Жомарт-Касым Токаев Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынын ачып жатып билдиргендей, ЖЕАБдин мааракелик жыйыны 2 датага арналган - алгачкы президент Нурсултан Назарбаевдин евразиялык интеграция жөнүндөгү идеясынын 25 жылдыгы жана ЕАЭБ келишиминин түзүлүшүнүн 5 жылдыгына.

Казакстандын президенти кесиптештерине жемиштүү жана ийгиликтүү иш каалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында кеңештин катышуучулары биргелешкен билдирүү жасашат.

Иш-чарага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан - Сооронбай Жээнбеков, Россия - Владимир Путин, Беларусь - Александр Лукашенко, Армениянын премьер-министри Никола Пашинян, ошондой эле Казакстандын алгачкы президенти - Нурсултан Назарбаев катышууда.

Пикир

Оставить комментарий