• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жээнбеков Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 06.07.19. /Кабар/. Бүгүн, 6-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сооронбай Жээнбеков сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук жана узун өмүр каалады.

"Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин өлкөлөр ортосундагы бир туугандык мамилелерди союздаштыктын, стратегиялык өнөктөштүктүн жана ынак коңшулуктун духунда өнүктүрүүдөгү жана тереңдетүүдөгү ролун белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий