• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 08.02.18. /Кабар/. Кечээ, 7-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Тараптар эки тараптуу кызматташууну активдештирүү, мурда жетишилген макулдашууларды практикалык ишке ашыруу, ошондой эле Евразиялык экономикалык бирликтин алкагында өз ара аракеттенишүүнү бекемдөө маселелерин талкуулады.

Ошондой эле регионалдык жана эл аралык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий