• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

Өкмөт 0

БИШКЕК, 15.08.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-августта, Казакстан Республикасына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Жолугушуу ЕврАзЭС мүчө мамлкеттердин Өкмөт башчыларынын катышуусунда өткөн Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында өттү.

Жолугушууда Казакстан менен Кыргызстандын эки тараптуу кызматташуусу жана Евразиялык Өкмөттөр аралык кещешинин жыйынынын жыйынтыктары боюнча пикир алышуу болду.

«Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жалпы тарыхый жакындык жана ишеним бар. Казакстан ар дайым Кыргызстан жана кыргыз эли менен бирге», — деп билдирди Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев.

«Боордош казак элинин ийгиликтери бизди ар дайым кубандырат. Биз Казакстандын Өкмөтү менен тыгыз иштеп жатабыз, азыркы учурда көп маселелер чечилүүдө, ЕврАзЭСтин алкагында Евразиялык Өкмөттөр аралык кещешинин жыйыны ийгиликтүү өттү», — деп билдирди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык жана ЕврАзЭСтин Евразиялык Өкмөттөр аралык кещешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыктары боюнча пикир алышуу болду.

Пикир

Оставить комментарий