• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков облус жетекчилери менен аймактарды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулады

Президент 0

Бишкек, 23.01.18 /Кабар/. Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-январда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарынын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын алкагында түзүлгөн жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун биринчи отуруму аяктагандан кийин өткөрүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жумушчу топтун бүгүнкү отурумунда аймактарды өнүктүрүү боюнча Жарлыкты практикалык ишке ашыруу боюнча негизги багыттарды аныктаганын белгилеп, жолугушуунун катышуучуларынын көңүлүн кайра иштетүү өнөр жайынын жана аймактардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү маселесинин актуалдуулугуна бурду.

“Жарлыкты пландуу ишке ашыруу үчүн ар бир областта ар бир аймактын өзгөчөлөгүн жана талаптарын эске алуу менен кайра иштетүү ишканасын куруу керек. Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду, “Айылбанк”, РСК банк жана Кепилдик фонду узак мөөнөттүү женилдетилген насыялар түрүндөгү каржылык ресурстарды аймактардагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн багыттоого даяр. Натыйжада силер максатка жетишиңер керек – айыл жергесинде өстүрүлгөн продукция иштетилбей, же сатылбай калбаш керек. Биздин айыл чарба продукциябыз тышкы да, ички да рынокто талап кылынат”, - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы аймактарды өнүктүрүү эң оболу жумушсуздук көйгөйүн чечип, тышкы жана ички миграцияны азайта турганын дагы бир жолу белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлык жергиликтүү бийликтенжигердүүиш-аракетти талап кылаарын белгиледи. Буга байланыштуу ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн аймактардын социалдык объектилерге болгон талабын аныктоодо жоопкерчиликтүү жана демилгелүү болууга чакырды.

“Ар бириңер өз областыңардын күчтүү жана чабал жактарын, анын керектөөлөрүн, айыл калкынын турмушун оңдоо үчүн кайсы жерде кандай кайра иштетүүчү ишкана, заводду куруш керектигин билесиздер. Кайсы жерде жана кандай инфраструктуралык объектилерди, жолдорду, социалдык объектилерди, мектептерди, ооруканаларды, балдар бакчаларын куруш керек, таза суу өткөрүп, ирригацияны өнүктүрүү керек– бул маселелердин бардыгын сиздер өзүңөр чечишиңер керек.Анткени силер өз аймагыңардын талаптарын жакшы билесиздер. Демилгелүү болгула, ишкерлерге, фермерлерге долбоорлорун ишке ашырууда жардам бергиле”, - деп сөзүн жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий