• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков Ооган согушунун ардагерлерине энчилүү сааттарды тапшырды

Президент 0

Бишкек, 15.02.19. /Салтанат Абдраева –Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-февралда Ооганстандан советтик аскерлеринин чыгарылышынын 30 жылдык мааракесине арналган иш-чарада Ооган согушунун ардагерлерине президенттин энчилүү сааттарын ыйгарды.

“Сиздер - Кыргызстан элинин ишенимине, сый-урматына ээ болдуӊуздар. Сиздердин атуулдук, мекенчил демиңер - жаштарды тарбиялоодо, күжүрмөн аскердик салтты таратууда жана өлкөбүздүн коопсуздугун чыңдоодо абдан зор ресурс. Силердин турмуштук тажрыйбаңар азыр дагы Куралдуу Күчтөргө, укук коргоо органдарына, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ишине керек. Ооган согушунун кандуу талаасын кечип өтүп, кайратынан кайтпай, бүгүн коомдук иштерге активдүү катышып жаткан баардыгыңыздарга ыраазычылык билдиребиз”, - деп белгиледи Жээнбеков.

Энчилүү сааттарды алгандар:

- Раджапов Орозбай Талипович – Ооган согушунун ардагери;

- Молдоканов Бактыбек Токтобекович – Ооган согушунун ардагерлеринин Ысык-Көл боюнча Кеңешинин төрагасы;

- Ункуев Эмилбек Асанбекович – Ооган согушунун ардагери;

- Ташмурзаев Юлдаш Эргешевич – Ооган согушунун ардагери;

- Момунов Таалайбек Акматович – Ооган согушунун ардагери;

- Славский Владимир Николаевич – Ооган согушунун ардагери;

- Эралиев Какан Торонович – Ооган согушунун ардагери;

- Курманбаев Суюмбек Асыранкулович – Ооган согушунун ардагери;

- Керимжанов Сайырбек Керимжанович – Ооган согушунун ардагери.

Пикир

Оставить комментарий