• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жээнбеков: Орозо айт мээримдүүлүктү жана соопчулукту даңазалайт

Президент 0

Бишкек, 05.06.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосун Бишкек шаарынын Эски аянтындагы айт намазда бүгүн, 5-июнда КР Президентинин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуду.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Ардактуу мусулмандар!

Сиздерди жан дүйнөнү аруулантууну, ынтымакты жана мээримдүүлүктү тартуулаган Орозо айт майрамыӊыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Орозо айында жакшы ниет, аруу тилектер айтылып, соопчулук иштер жасалды.

Жан дүйнөбүз тазаланып, адал аракеттер арбын болуп, адамдар бири-бирине жакшылык тартуулады.

Касиеттүү Орозо Айт — дүйнөдөгү бардык мусулмандардын ыйык майрамы.

Бул күн руханий тазалыкты жана аруу ниетти, мээримдүүлүктү жана соопчулукту даңазалайт.

Урматтуу мекендештерим!

Кыргызстандын аймагында түрдүү этностордун, маданияттардын, диндердин өкүлдөрү байырлашат.

Биз баарыбыз ынтымакта жанаша жашап келе жаткан, бири-бирибизге тирек болгон тагдырлаш, тилектеш бир эл, бир журтпуз.

Жергебизге Жараткан кут кондуруп, ар бир үйдө бак-таалай, береке болсун!

Элибиздин биримдиги жана ынтымагы бекемделип, сүйүктүү өлкөбүздүн жаркын келечегин чогуу куралы.

Жараткан ыйык Орозо айында ниет кылган жакшы тилектерибизди кабыл кылсын.

Ар бир үй-бүлөгө, Мекенибизге жакшылык, кубаныч, тынчтык, ынтымак, биримдик жана молчулук берсин.

Орозо айтыңыздар маарек болсун!»

Пикир

Оставить комментарий