• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош облусунун Өзгөн районуна төрт мектеп салынат

Өкмөт 0

Бишкек, 29-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июнда, Ош облусунун Өзгөн жана Чон-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуда, социалдык объектилерди куруу маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы 2017-жылдын жазында жаратылыш кырсыктары болору менен, бардык тиешелүү мамлекеттик органдарга кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюу, анын ичинде социалдык объектилерди куруу боюнча тапшырмалар берилгенин билдирди.

«Архитектура, курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдында райондорго мектеп, оорукана куруп, жабыркаган айылдарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча өзүнчө тапшырма берилген. Чоң-Алай районундагы климаттык шартты эске алганда, ал жакта сентябрь айында кыш келет. Андыктан курулуш иштерин тездетүү керек», – деди Сооронбай Жээнбеков. Ошондой эле ал өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча каржы маселеси чечилгенин кошумчалады.

Архитектура, курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын 23-25-июнунда ведомствонун атайын адистери Ош облусунда көчмө иш чараларды өткөрүштү. Бүгүнкү күндө курулуш объектилери боюнча керектүү болгон бардык курулуш-сметалык документтер даяр. Такталган объекттердин курулушу 2017-жылдын 5-июлунда башталып, 5-ноябрда аягына чыгат.

Алардын катарында Чоң-Алай районуна эки мектеп, эки оорукана, Ош облусунун Өзгөн районуна төрт мектеп жана Жалал-Абад облусунун Сузак районуна бир мектеп салынат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жыйында мындан сырткары өлкө аймактарындагы авариялык абалдагы мектептердин имаратынын курулушун ыкчам аяктоо пландары жөнүндөгү маселени козгоду. Бактыбек Абдиев маалымдагандай, жакынкы аралыкта алардын ичинен 14 объекти боюнча иштерди баштоо пландалып жатат.

Пикир

Оставить комментарий