• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жээнбеков Оштогу кыргыз-түрк эл аралык клиникасына барды

Президент 0

Бишкек,22.04.19./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-апрелде Ош шаарындагы кыргыз-түрк эл аралык клиникасын көрүп чыкты.
Аталган долбоорду ишке ашырууга эл аралык инвесторлордун каражаттары сарпталган. Мамлекет башчысы клиниканын имаратын көрүп, жабдуулар менен таанышты.

Клиниканын аткаруучу директору Тууганбай Өмүрзаковдун маалыматына ылайык, Президент Сооронбай Жээнбековдун аймактарды өнүктүрүү боюнча саясатын колдоо максатында «Көз Клиникасы» ААК ай мактагы медицинаны өнүктүрүүгө өзүнүн салымын кошууну чечкен. Клиника 3 жыл аралыгында аткарылган иштердин жыйынтыгы менен ачылып, заманбап талапка жооп берген эл аралык медициналык борбор, дүйнөлүк аталыштагы алдыңкы компаниялардын акыркы техникалары менен жабдылган.

«Мындан тышкары өлкөдө буга чейин болбогон заманбап бактериологиялык лаборатория түзүлүүдө. Биздин медициналык борбордо тийиштүү категориядагы жыйырма бешке жакын адистер эмгектенишет, алардын баары Түркияда өз тармактары боюнча мыктылардын бири болуп саналат. 200гө жакын биздин жарандарды жумушка орноштуруу пландаштырылууда. Клиниканын ачылышы менен биздин жарандар дарылануу үчүн башка өлкөлөргө баруу зарылдыгы болбойт», — деп билдирди Тууганбай Өмүрзаков.

Анын айтымында, клиника жакынкы жылдары Борбор Азиядагы эң алдыңкы, заманбап, башка өлкөлөрдөн дагы бейтаптарды кабыл алган клиникага айлануу максатын койгон.

«Биз башка өнүккөн өлкөлөрдүн катарында Кыргызстанды „медициналык туризмдин“ өлкөсү кылууга жетишүүгө аракет кылабыз. Алдыдагы биздин багыт — он кология жана органдарды алмаштыруу тармактарын өнүктүрүүгө басым жасоо», — деп баса белгиледи клиниканын аткаруучу директору.

Клиника бейтаптарды неврология, физиотерапия жана реаблитация, жалпы хирургия, радиология, ЛОР, офтальмология, ортопедия жана травматология, гинекология жана акушерлик, лаборатория, тез жардам, педиатрия, ички ооруулар, урология, анестезиология, кардиология, реанимация багыттары боюнча кабыл алууну жүргүзөт.

Клиниканын ошондой эле 180 кишилик реаблитациялык борбору Ак-Буура дарыясынын боюнда жайг ашкан. Бүгүнкү күндө салынган жалпы инвестициялык каражаттын көлөмү 10 млн АКШ долларына жакын каражатты түзөт.

Пикир

Оставить комментарий